Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

Таластан Түркияга төө буурчак ташуу дээрлик токтоп калды


Таласта өндүрүлгөн төө буурчакты Түркияга ташып чыгуу көлөмү кескин азайды. Бул тууралуу "Азаттыкка" төө буурчак кабыл алуу пункттарынан кабарлашты. Маселен, алардын бири чогулган продукцияны жүктөө үчүн 15 унаа керек болсо, учурда 2 гана эптеп тапканын айтып берди.

Жергиликтүү ишкерлер мунун себебин Орусия-Түркия саясий мамилеси бузулгандыктан Мерсин шаарына Орусия аркылуу өтүүчү жол каттамы кыйындашы, унаалар Иранды аралап өтүүгө мажбур болушу менен байланыштырууда. Дагы бир негизги себеп - Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин Түркиядан товар алып келген унаалар дээрлик жок болууда. Адатта алар кайра төө буурчак жүктөп кетчү.

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Нургазы Ибраим уулунун айтымында, былтыр Таластан 46,5 миң тонна төө буурчак экспорттолду.

Быйыл жыл башынан бери 8 миң тонна сатылды.

Азыркы тапта дыйкандар 1 килограмм төө буурчакты 30 сомдон тапшырууда. Мурдагы жылдары баа 100 сомго чейин чыккан болчу. (SS)

XS
SM
MD
LG