Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

Депутат Строкова: Мугалимдин пенсиясы жумушсуздун акчасы менен тең


Кыргызстанда 30 жыл иштеген мугалим алган пенсиянын көлөмү жумушсуздарга берилчү акча менен барабар. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында бийликчил КСДП фракциясынан депутат Евгения Строкова билдирди. Анын айтуусунда, мугалимдер боюнча пенсиялык системаны кайра карап чыгыш керек:

- Өлкөдө 72 миң мугалим бар. Алар мамлекеттин өзгөчө көңүл бөлүүсүнө татыктуу. Ошондуктан өкмөттү жана Жогорку Кеңешти мугалимдердин пенсиясы боюнча маселени акыйкат карап чыгууга чакырам.

Депутат бюджетке күч келбеши үчүн жогорулатууну этап-этабы менен жүргүзүүнү сунуштады. Анын айтымында, пенсияга иштеген стажы боюнча чыккандар 2,2-2,4 миң сом, ал эми жаш курагы боюнчалар 4-5 миң алууда. (RK)

XS
SM
MD
LG