Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Электр энергиясы кымбаттабайт


Кыргызстанда апрель айынан тарта электр энергиясынын баасы жогорулайт деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Таалайбек Нурбашев билдирди. Анын айтымында, электрди сырттан сатып алуу азайганына байланыштуу тарифтерди кайра карап чыгуу, төмөндөтүү тууралуу Жогорку Кеңештен сунуш түшкөн, бирок кымбаттатуу планы болгон эмес.

- Депутаттар 1-апрелге чейин өзгөртпөйсүңөрбү дешти. Биз эске алдык дедик. Анан эле ажиотаж болуп кетти. Эч кандай өзгөрүү болбойт.

Нурбашевдин белгилешинче, азыркы тариф былтыр август айында бекитилген. Мыйзам боюнча аны бир жылга чейин өзгөртүүгө уруксат жок.

Кечээ парламентте айрым депутаттар өкмөт апрелде тарифтерди жогорулатууну көздөп жатканын айтып, нааразы пикирлерин билдиришкен.​

Учурда Кыргызстанда электр энергиясынын 1 кВт/сааты үчүн калк 77 тыйын, 700 киловаттан ашырып жибергендер 2 сом 16 тыйын төлөйт. Ишканалар 2,24 сом төлөөдө. Бул тариф былтыр август айында бекитилген. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG