Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:33

ӨКМ Москвада эрдик көрсөткөн Марат Исаевдин үй-бүлөсүнө ыраазылык айтты


ӨКМ өкүлү Марат Исаевдин апасы жана жубайы менен жолугушууда
ӨКМ өкүлү Марат Исаевдин апасы жана жубайы менен жолугушууда

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Москвада өз өмүрүн тобокелге салып чоочун адамды сактап калган Марат Исаевдин үй-бүлөсүнө ыраазылык кат тапшырды. Бүгүн мекеменин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Нурлан Баймуратов жана өздүк курамы анын апасы жана жубайы менен жолукту.

"Марат бүтүндөй кыргыз элинин сыймыгына бөлөндү. Бул сыймыктын артында ата-эненин канчалаган уйкусуз түндөрү, түйшүктүү тарбиясы турганы белгилүү. Буга чейин ал сиздердин эле уулуңуздар болсо, мындан ары жалпы кыргыз элинин уулуна айланды” деп жазылган министр Кубатбек Бороновдун ыраазылык катында.

Марат Исаев Кыргызстандын жараны, 8-9 жылдан бери Москвада курьер болуп иштейт, барып-келип үй-бүлөсүн багат. Кызы жана келинчеги Ошто жашайт.

Быйыл 10-мартта кызынын туулган күнүнө мекенине келгени жатат.

Ал полиция кызматкери менен бирге өткөн аптада метродо талмасы кармап платформадан рельске кулаган орусиялык аялды сактап калган. (RK)

XS
SM
MD
LG