Москва облусунан кармалган бул адамдар тыюу салынган "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мүчөлөрүн жасалма документтер менен камсыздап жүргөн деп шектелүүдө. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын маалымат кызматынын кабарына караганда, кармалгандар эл аралык кылмыштуу топко кирген жана Сириядагы согушка жөнөгөн Орусия менен КМШ өлкөлөрүнүн жарандарына жасалма документтерди даярдаган. Алар бул кызматын Сириядан Орусия аймагында теракт уюштуруу ниети менен келген согушкерлерге да көрсөтүп турган.
Учурда бул топтун колунан жасалма документ алганы болжолдонгондор изделүүдө.