Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

"Улуттар биримдиги" шайлоого бойкот жарыялады


"Улуттар биримдиги" партиясы Кыргызстанда март айында өтө турган Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого бойкот жарыялап, ага катышуудан баш тартты. Бул тууралуу партия бүгүн расмий билдирүү таратты.

Анда "Өнүккөн өлкөлөрдө саясий системанын туруктуу концепциясынын башкы өзөгүн таза шайлоого негизделген саясий атаандаштык түзөт. Мамлекеттик бийлик жана коомдук институттар саясий оппоненттерин негизсиз куугунтуктаганга, авторитардык башкарууга жол бербеши керек! Ал эми адилет, мыйзам чегинде таза шайлоо өткөрүү үчүн бийлик эң оболу өзү адилет жана таза болушу зарыл деп эсептейбиз!" деп жазылган.

"Улуттар биримдиги" партиясын 2010-жылы Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов негиздеген.

2014-жылы ага шаарда эстакада көпүрө курууда ири жемкорлукка барган деген кине тагылып, өзүнө издөө жарыяланган. Былтыр шаардык соттун өкүмү менен 7 жылга сыртынан эркинен ажыратылган.

27-мартта Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG