Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Сөөгү Нарындын жээгинен табылган жаран киши колдуу болгону аныкталды


Нарын суусу
Нарын суусу

Нарын дарыясынын жээгинен табылган адамдын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу облустук ишки иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Сыдыкбеков билдирди.

Анын айтымында 16-февраль күнү Нарын дарыясынын жээгинен 40-45 жаштагы белгисиз адамдын сөөгү табылган. Алгачкы иликтөө иштеринде ага күч колдонулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Кылмышка шектүү деп шаардын эки тургуну кармалды. Алар кылганын толугу бойдон моюнуна алды.

Учурда окуяга байланыштуу кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. (MiK)

XS
SM
MD
LG