Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Жамбылдын Бурыл айылындагы курчоо алынды


Казакстан - Бурыл айылындагы полиция, 17-февраль, 2016.
Казакстан - Бурыл айылындагы полиция, 17-февраль, 2016.

Аталган аймакта жүргөн "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Бурылдагы абал калыбына келип, айыл сыртына коюлган полиция курчоосу алынганын кабарлады. Кирип-чыгууга чектөө болбогону менен полиция айылга кирген кишилерди текшерүүдө. Эл толкуусуна себеп болгон алты жаштагы баланын өлүмүнө шектелип жаткан түрк тектүү жарандын үйү бош, терезелери талкаланган. Үйдүн айланасында полиция кызматкерлери жүрөт. Жамбыл облустук прокуратурасы буга чейин кылмышка шектүүнүн үй-бүлөсү башка айылга көчүрүлгөнүн билдирген.

Эки күн мурда алты жаштагы бала бычакталып өлтүрүлүшү жана бул кылмышка шектелген жаран түрк тектүү болушу кечээ казактар басымдуулук кылган айылдын жүздөгөн тургунун көчөгө чыгарган. Мындан улам айыл атайын аскерлер менен полициянын курчоосуна алынган. Нааразылыктан кийин жергиликтүү тургундардан, бийлик жана түрк диаспорасынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлгөн.

Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов да бүгүн Бурыл айылындагы абал калыбына келгенин, кылмышка шектүү жаран кармалганын жана иликтөө иштери уланып жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG