Талас шаары дээрлик 20 жылдан бери Маданият үйүсүз жашап келатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Бактияр Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, 1998-жылы имаратта өрт чыгып, мекеме башка жерге көчкөн. Бирок ал жай да талаштуу болуп келатат. Ал эми маданият бөлүмү Атай Огонбаев атындагы музыкалык мектептин эки бөлмөсүндө иштөөдө.
Башында 24 кызматкери бар шаардык бөлүм улам кыскарып, азыр 6 гана адам калды. Маданият министрлиги ага Таласта 10 жылдан бери курулуп бүтпөй жаткан драма театрынын имаратынан орун берүүнү убада кылып келе жатат.
Быйыл Кыргызстанда Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган. (SS)