Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Жалал-Абадга Манастын айкелин орнотуу сунушталды


Жалал-Абадда ардагерлер шаарга Манастын айкелин орнотууну сунушташты. Бул тууралуу бүгүн мэр Салайдин Авазовдун элге отчет берген жыйынында коомдук ишмер Шермамат Осмонов билдирип чыкты.

- Жалал-Абад Кыргызстандагы жалпы потенциалы боюнча үчүнчү шаар, анда Манас атабыздын айкели турушу керек. Азыр Бишкекте да, Ошто да анын айкели турат. Эмне үчүн бизде жок? - деди Осмонов.

Демилгечилер айкел шаардык бюджеттин эсебинен тургузулушу керек деп эсептейт.

Салайдин Авазовдун айтымында, айкел үчүн кыйла акча талап кылынат, ал эми шаардык казынада инфраструктуралык долбоорлорго гана акча каралган. "Бирок бул сунушту карап чыгабыз" деди мэр.

Быйыл шаарда 100 млн сомдук инфраструктуралык иштер аткарылары пландалууда. Былтыркы жылы шаар казынасы 308 млн сом чогулткан. (RsK)

XS
SM
MD
LG