Кыргызстанда райондук, шаардык жана облустук сотторго түшкөн даттануулар бир жыл мурдагыга салыштырмалуу азайып, Жогорку Сотко кайрылгандар көбөйдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.
- Биринчи инстанция саналган район жана шаар сотторуна кайрылгандар 2015-жылы бир жыл мурдагыга салыштырмалуу 4,9 пайызга, экинчи инстанция саналган облустук соттордо 3,1 пайызга азайган. Бул жакшы көрсөткүч. Ал эми көзөмөл инстанциясы саналган Жогорку Сотко даттангандар 1,6 пайызга көбөйдү.
Кыргызстанда жалпысынан 350дөй судья бар. Коомчулук арасында сот системасына нааразылык көп айтылып, тармакты реформалоо демилгеси көтөрүлүп келет. (SE)