Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:41

Жалал-Абадда 2013-жылдан бери камакта жаткан милиция башчысы акталды


Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Маңзаттарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Саиповду Сузак райондук соту 16-февраль күнү толугу менен актап, сот залынан бошотту. Бул тууралуу иниси Уларбек Саипов “Азаттыкка” билдирди.

Нурбек Саипов маңзатты мыйзамсыз соодалоого катышы бар деп шектелип, 2013-жылдын 3-октябрында камалган. Анын жакындары муну атайын буйрутма деп, бир нече жолу митингге чыгышкан.

Сузак райондук соту ишти 2013-жылдын декабрь айынан тарта карай баштап, андан бери судьялар беш жолу өзгөргөн.

Акыркы чечимди судья Абибилла Тажибаев чыгарып, айыпталуучуну актады. Сот кылмыш ишти козгоодо кемчилик кетирген Маңзаттарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн 8 жана прокуратуранын бир кызматкерине чара көрүүнү да сунуштады. (RsK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG