Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Ташкентте төрт "салафи" соттолууда


Өзбек баш калаасында тыюу салынган "Салафия" диний агымынын жолуна түшкөн деп шектелген төрт жарандын соту улануда. Улуттук коопсуздук кызматынын Ташкент шаардык башкармалыгынан билдиришкендей, 28 жаштагы Давран Каюмов, 33 жаштагы Айбек Салихов, 35 жаштагы Темир Сиддиков жана 31 жаштагы Акмал Уринов бул уюмдун материалдарын таратууга жана ага өздөрү да кирген болушу мүмкүн деп шектелген.

"Азаттыктын" өзбек кызматы алардын адвокаттары тергөө жана сот учурунда укук бузуулар болуп жатканын айтканын кабарлады. Эгер алар күнөөлүү деп табылса он жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал.

Өзбекстанда диний негизде айыпталгандардын соттук жараяндары көбүнчө узак мөөнөттөгү абак жазасын чектөөлөр менен аяктары белгилүү.

XS
SM
MD
LG