Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:54

Барак Обама Кубага расмий сапар менен барат


АКШ президенти Барак Обама жубайы Мишель Обама менен 21-22-март күндөрү Кубада расмий сапар менен болорун Ак үйдүн маалымат кызматы кабарлады. Обама бул сапардын алкагында Кубанын мамлекеттик кеңешинин төрагасы Раул Кастро менен жолугушат. Ошондой эле кубалык ишкерлер, жарандык коом жана калктын ар кайсы катмарынын өкүлдөрү менен кездешет.

Бул тарыхый сапар акыркы 88 жылдан бери АКШ президентинин Кубага жасаган алгачкы визити болмокчу. Эки өлкөнүн алака-катышы Кубада 1959-жылы Фидель Кастро баштаган төңкөрүш жеңишке жетип, коммунисттик бийлик орношу менен токтогон эле. Бул сапар АКШ-Куба алакаларына жаңы тарыхый бурулуш жасашы күтүлүүдө.

2014-жылы Барак Обаманын администрациясы дипломатиялык мамилени калыбына келтирип, өз ара аба каттамдары ачылган. Бирок ага карабай эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилесинде өзгөрүү байкала элек. Ал толук калыбына келиши үчүн Конгресс Кубага салынган финансылык эмбаргону алышы керек.

XS
SM
MD
LG