Түрк коопсуздук кызматы Анкарадагы бир күн мурдагы жардырууга тиешеси бардыгы шектелген тогуз адамды кармаганы, чабуулду Сириянын 1992-жылы туулган жараны ишке ашырганы кабарланууда. Ошол эле кезде сириялык күрттөр бул жардырууга аралашканын четке кагууда.
Түркия премьер-министри Ахмет Давутоглу бүгүн жардырууну Сириядагы күрт кошуундарынын тобу (YPG) Түркиядагы Күрт жумушчу партиясынын (PKK) согушкерлеринин көмөгү менен уюштурганын билдирген.
Кечээ кечинде Анкарада аскерлер түшкөн автобуска багытталган жардыруудан 28 адам мерт болуп, дагы алтымыштан ашуун киши жаракат алган.