Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

АКШ Түндүк Кореяга каршы санкцияларды кеңейтти


Ракета учуруу боюнча телекөрсөтүү аркылуу жарыяланган учур. Түндүк Корея, 7-февраль, 2016-жыл.
Ракета учуруу боюнча телекөрсөтүү аркылуу жарыяланган учур. Түндүк Корея, 7-февраль, 2016-жыл.

Президент Барак Обама Түндүк Кореяга каршы санкцияларды кеңейтүү боюнча мыйзамга кол койду. Расмий кабарларга караганда, Пхеньян ядролук ракетаны сыноодон өткөрүү үчүн учурганы адам укуктарын бузат деген негизде ушундай чечим кабыл алынды. Андан сырткары санкциялардын күчөшүнө түндүк кореялык хакерлердин Кошмо Штаттардын өкмөттүк сайттарына чабуул койгону да негиз болгон.

7-февралда Түндүк Кореянын мамлекеттик телекөрсөтүүсү космоско жандоочу учурууну өлкө лидери Ким Чен Ын тапшырганын жана ал ийгиликтүү ишке ашканын маалымдаган. Муну сындаган БУУ менен Евробиримдик да Пхеньянга санкция киргизген.

Түндүк Корея өзүн 2005-жылы өзөктүк курал боюнча держава деп жарыялаган. 2006, 2009 жана 2013-жылдары жер астында ядролук сыноо өткөрүп, эл аралык коомчулуктун нааразылыгын жараткан.

XS
SM
MD
LG