Балыкчы шаарындагы аскердик бөлүктө кечээ болгон окуянын себептери иликтенүүдө. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан бүгүн кабарлашкандай, 18-февралда саат 14:30га жакын ок атуучу куралдан атуу учурунда мөөнөттүү аскер кызматынын 21 жаштагы жоокеринин кабыргасына ок тийген. Катардагы жоокер Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Абалы анча коркунучтуу эмес.
Ал эми болжол менен саат 17:45 чамасында ушул эле жерде мөөнөттүү аскер кызматынын катардагы дагы бир жоокери башынан жараат алып, Балыкчы шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Окуяга жоокердин ок атуучу куралга кылдат мамиле кылууну билбегендиги себеп болгону айтылууда. Анын абалы тууралуу азырынча маалымат жок.
Окуяларга байланыштуу кызматтык териштирүү башталды. Балыкчы аскер гарнизонунун прокуратурасы тергөө жүргүзүп, жагдайды аныктоодо. (RK)