Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:12

Жараат алган жоокерлердин бири эсине келе элек


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Балыкчыда жараат алган аскерлердин биринин абалы дагы эле оор, ал реанимацияда эсине келе албай жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Балыкчы шаардык ооруканасынын жетекчиси Жумабек Молдокулов билдирди.

Анын айтымында, биринчи түшкөн бала Билал Икрамовдун абалы дурусураак.

Ал эми кечке маал алып келишкен экинчи жоокер Дастан Мурат уулунун оор бойдон.

Балыкчы шаарындагы аскердик бөлүктө кечээ болгон окуянын себептери иликтенүүдө. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан бүгүн кабарлашкандай, 18-февралда саат 14:30га жакын ок атуучу куралдан атуу учурунда мөөнөттүү аскер кызматынын 21 жаштагы жоокеринин кабыргасына ок тийген.

Ал эми болжол менен саат 17:45 чамасында ушул эле жерде мөөнөттүү аскер кызматынын катардагы дагы бир жоокери башынан жараат алып, Балыкчы шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Окуяга жоокердин ок атуучу куралга кылдат мамиле кылууну билбегендиги себеп болгону айтылууда.

Окуяларга байланыштуу кызматтык териштирүү башталды. Балыкчы аскер гарнизонунун прокуратурасы тергөө жүргүзүп, жагдайды аныктоодо. (AsM)

XS
SM
MD
LG