Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:59

Ата-эне кызын өлтүргөн аялды соттоого каршы болууда

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Базар-Коргондо ата-эне окуучу кызын уруп өлтүрдү деп шектелген жакын тууганын жоопко тартууга каршы чыкты. Алар милицияга тосмо арыз менен кайрылган.

Бирок Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында кыздын өлүмүнө жүрөк кемтиги эмес, башынан алган жараат себеп болгону аныкталгандыктан тергөө аны жазага тартуу керек деген чечим чыгарган.

"Азаттыкка" Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашкандай, кылмышка шектүү 46 жаштагы аялга (набыт болгон наристенин таежеси) Кылмыш кодексинин 97-беренеси боюнча айыбы угузулду. Иш сотко өткөрүлүп берилди.

Биринчи класска жаңы гана барган Тахмина Кенжебаева былтыр декабрь айында ур-токмокко кабылып, ооруканага түшкөн. Ал таежесинин колунда жашап жаткан. Атасы мигрант болуп кеткен. Үй-бүлөдө 4 бала бар болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG