Президент Алмазбек Атамбаевдин кароосуна сунушталган судьялыкка кезектеги 27 талапкердин 22си гана өттү. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ош облусунун Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунун, Чүй облусунун Чүй районунун судьялыгына Сот тандоо кеңеши 12 талапкерди тандап алган. 16-февралда президент Алмазбек Атамбаев алар менен өзү жолугушуп, 9уна макулдугун берди, калган үчөө боюнча материалдар кайра жөнөтүлдү.
Ал эми ага чейин Ош шаардык сотуна, Ош облусунун Араван, Кара-Суу райондоруна жана Чүй облусунун Ысык-Ата, Чүй райондоруна сунушталган 15 талапкердин арасынан президент 13үнө гана макул болду. (RK)