Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

USAID: Түркиялык туристтердин Кыргызстанга кызыгуусу артууда


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Түркияда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө кызыккандар көбөйүүдө. Атайын изилдөөнүн жыйынтыгында адистер ушундай тыянакка келгенин USAID уюмунан билдиришти.

Аталган уюмдун каржылык колдоосу менен өткөн изилдөөнү Түркиянын жогорку окуу жайларында билим алган бүтүрүүчүлөрдүн "Эгемендик" уюму уюштурган.

Учурда көптөгөн түрк туроператорлор жаңы рынокторго чыгуу аракетин көрүүдө. 2014-жылы 8 миллиондон ашуун түрк жараны чет жакка бизнес жана эс алууга чыгып келген.

Кыргызстанда эс алуунун артыкчылыктары катары боз үйдө жашоо, көчмөндөр оюну, улуттук тамак-аш жана музыка аталды. (RK)

XS
SM
MD
LG