Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Украин баш прокурору кызматтан кеткени ырасталды


Виктор Шокин
Виктор Шокин

Баш прокурор Виктор Шокиндин кызматтан кетүү боюнча арызы президенттик администрацияга түшкөнүн президенттин маалымат катчысы Святослав Тсеголко бүгүн кабарлады. 15-февралда баш прокурор орун басарлыгынан кеткен Виталий Каско Шокинди коррупциялык иштерди иликтөөгө тоскоолдук кылды деп айыптап чыккан соң аны кызматтан кетүүгө үндөгөн чакырыктар чыга баштаган.

16-февралда украин маалымат каражаттары өз булактарына таянуу менен башкы прокурор Виктор Шокин кызматтан кетүүгө арыз жазганын маалымдаган, бирок ал расмий ырасталган эмес. Анын алдында Порошенко өкмөт башчы Арсений Яценюк менен башкы прокурор Виктор Шокинди элдин бийликке ишенимин калыбына келтирүү үчүн кызматтан кетип калууга чакырган эле.

18-февралда президент Порошенко менен телефон аркылуу сүйлөшкөн АКШ вице-президенти Жо Байден Кошмо Штаттар анын Шокинди алмаштыруу боюнча демилгесин кубаттарын айтып, прокуратура тармагында реформаларды жүргүзүүгө шарт түзүү зарылдыгын белгилеген.

Виктор Шокин баш прокурорлук кызматка былтыр февралда келген эле.

XS
SM
MD
LG