Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Эр-Рияд Сирияда жердеги операцияга катышууга даяр


Адел ал-Жубейр, Сауд Арабиянын тышкы иштер министри.
Адел ал-Жубейр, Сауд Арабиянын тышкы иштер министри.

Сауд Аравия Сирияда АКШнын "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы кургактагы кандай аскерий операциясы болсо да катышууга даярдыгын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр билдирди. Ал бейшембиде Франс-пресс агенттигиндеги маегинде бирок Эр-Рияд президент Башар Асаддын режимин колдобогону менен Сирияда эч кандай бир тараптуу аракет жасабасын да айткан.

Министр ислам экстремисттерине каршы Сауд Арабия баштаган Йемендеги операция бийликке өлкөнүн бардык аймагын көзөмөлдөөгө кудуреттүү мыйзамдуу өкмөт келмейин улана берерин кошумчалаган.

Мындан сырткары министр өз өлкөсү баасы арзан болуп жатканына карабай мунай өндүрүүнү кыскартапсын да белгиледи. Ушул шейшембиде Сауд Арабия Орусия менен мунай өндүрүүнү токтото турууга макулдашканы кабарланган эле.

XS
SM
MD
LG