Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Албек Ибраимов Бишкекти өнүктүрүүнүн беш кадамын атады


Албек Ибраимовдун тил сынактагы жазуу иши
Албек Ибраимовдун тил сынактагы жазуу иши

Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Албек Ибраимов эгер шайланып калса биринчи кезекте борбор калаанын бюджеттик саясатын жакшыртат. Бул багыт анын программасында биринчи орунду ээлери бүгүн белгилүү болду.

Ибраимов талапкер катары Борбордук шайлоо комиссиясында тил сынактан өттү.

Сынактын шартына ылайык, ал программасын кыргызча жазды. Жыйынтыгында жети адамдан турган комиссия Ибраимов мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билет деген бүтүмгө келди.

Талапкердин программасы беш пункттан турат. Биринчиси - бюджеттик саясатты күчөтүү, өзгөчө киреше бөлүгүн, экинчи - Бишкек таза, коопсуз жана эркин адамдардын шаары болууга тийиш, үчүнчү - "Коопсуз шаар" программасынын алкагында жол тыгындарын азайтуу, төртүнчү - Бишкек Кыргызстандын борбору катары Бишкек дүйнөлүк аренада өзүнүн аброюн көрсөтүп туруш керек жана бешинчиси - коррупция менен күрөш.

Бишкекте мэр шайлоо 27-февралда өтөт. Ага азырынча бир гана талапкер көрсөтүлдү. Шаардык кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын чечими менен бул кызматка кечээ Ибраимов сунушталган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG