Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Өзбек соту диний экстремизм боюнча беш адамды абакка кести


Арамаис Авакян уулу менен.
Арамаис Авакян уулу менен.

Өзбекстандын Жизак облустук соту бүгүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен байланышкан деп айыпталган армян тектүү жаран Арамаис Авакян менен анын төрт шеригин күнөөлүү деп тапты. Сот Авакянды 7 жылга, аны менен кошо соттолуп жаткан төрт кишини 5 жылдан 12 жылга чейинки абакка кескенин "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлады.

33 жаштагы армян тектүү өзбек жараны, христиан динин тутунган Арамаис Авакян "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен байланышууга шектелип, былтыр 4-сентябрда камакка алынган. Ал бул сот жараянында күнөөсүн мойнуна албаган жалгыз соттолуучу болду. Авакяндын жакындары бул иш анын Пахтакор районундагы ийгиликтүү балык чарбасын тартып алуу максатында атайын жасалганын айтышууда.

Өзбекстанда армян улутундагы жаран кармалышына буга чейин Армениянын бийликтери да тынчсыздануу билдирип, өзбек бийликтерин ишти калыс териштирүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG