Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Москвада бомба коркунучу миңдеген адамды көчөгө чыгарды


Орусия баш калаасында Ашан дүкөндөр тармагына бомба коюлганы тууралуу маалыматтардан улам 12 дүкөндөн 20 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Бирок бул дүкөндөрдөн эч кандай жардыргыч зат табылган жок, андай маалымат жалган болуп чыкты.

Элди эвакуациялоо аталган соода тармагынын шаар ичиндеги жана чет жакаларындагы 12 дүкөнүндө, ошондой эле Кремлге жакын ГУМ менен Борбордук универсалдык дүкөндө жүрдү.

Орус маалымат каражаттары бүгүн Москванын чукул кызматындагы булактарына таянып, кечээ кечиндеги мындай жалган маалыматтан 22 миңдей адам жапа чеккенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG