Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

Футзал: Кыргызстан Австралияга утулуп, дүйнө чемпиондугуна жолдомосуз калды


Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Азия чемпиондугунда. 14-февраль, 2016-ж. Ташкент шаары.
Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Азия чемпиондугунда. 14-февраль, 2016-ж. Ташкент шаары.

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Австралия командасына 3:1 эсебинде утулуп дүйнө чемпиондугуна бериле турган жолдомодон кур калды.

Оюн бүгүн, 19-февралда Ташкент шаарында өттү. Биринчи таймда Австралия оюнчулары жоопсуз эки голду киргизишкен. Экинчи таймда алар үчүнчү голду өз эсептерине жазып, артыкчылыгын бекемдешти. Кыргыз курамасы оюн аягында бир гол киргизүүгө жетишти.

Ошентип, Азиянын беш мыкты командасы Иран, Өзбекстан, Таиланд, Вьетнам жана Австралия быйыл сентябрь айында Колумбияда боло турган дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышты.

XS
SM
MD
LG