Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:24

Ливиядагы аба соккусу ондогон өмүрдү алды


АКШ аба күчтөрү бүгүн Ливиянын баш калаасы Триполиден анча алыс эмес жерга аба соккуларын урду. Ал "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун ошол аймакта жашырынган согушкерлерин бутага алганы кабарланууда.

Ливиянын Сабратха шаарынын башчысы бүгүн эртең менен урулган аба соккусу бул калаадагы негизинен чет элдик жумушчулар жашаган имаратка да тийип, андан 41 адам ажал тапканын жана 6 киши жаракат алганын билдирди.

The New-York Times басылмасы өз булактарына таянып кабарлашынча, Ливиядагы аба соккулары былтыр Тунисте эки террордук чабуул уюштурган Нуриддин Шушаний жашырынып жүргөнү айтылган аймактарга урулган. Жана АКШ аба күчтөрүнүн рейди учурунда отуздан ашуун согушкер тындым болгон. Алардын арасында Нуриддин Шушаний бар-жогу азыр текшерилүүдө.

Шушаний былтыр Тунистеги Улуттук музей менен Сус шаарындагы эки террордук чабуулдун башкы уюштуруучусу катары сыпатталган. Бул эки чабуул 60 адамдын өмүрүн алган эле.

XS
SM
MD
LG