Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Жамбылдын Бурыл айылы дале полиция көзөмөлүндө


Бурыл айылы, 18-февраль, 2016.
Бурыл айылы, 18-февраль, 2016.

Эки күн мурда эл толкуган Бурылга барган "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы айылда абал тынчыганы менен полиция көзөмөлү күчүндө экенин кабарлады. Кечээ айылдан атайын аскерлердин курчоосу алынган. Бирок айылга кирген машинелер дале тыкыр текшерилүүдө.

15-февралда алты жаштагы бала бычакталып өлтүрүлүшү жана бул кылмышка шектелген жаран түрк тектүү болушу казактар басымдуулук кылган айылдын жүздөгөн тургунун эки күн бою көчөгө чыгарган. Мындан улам улут аралык жаңжал чыгып кетпеши үчүн айыл атайын аскерлер менен полициянын курчоосуна алынган. Нааразылыктан кийин жергиликтүү тургундардан, бийлик жана түрк диаспорасынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлгөн.

Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов кечээ кылмышка шектүү жаран кармалганын жана иликтөө иштери уланып жатканын билдирген. Бүгүн Жамбыл облусунун акими Карим Көкрекбаев Бурыл айылында кырдаал калыбына келип, эл тынчыганын, калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, аталган айылда 12 миң калк жашайт, анын сегиз миңи казактар.

XS
SM
MD
LG