2016-жылдын 11- февралында Болгариянын София шаарында эл аралык Sofia Trophy муз үстүндө бий мелдеши өтүп, Кыргызстандын атынан барган Медина Кутманова коло медаль алды. Ал эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин “Сейтек” башталгыч мектебинин окуучусу. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган билим берүү мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.
София шаарында өткөн муз үстүндөгү бий мелдешине дүйнөнүн 27 мамлекетинин спортчулары катышты. (BCh)