“Тотукушту өлтүрүү” аттуу новелласы менен дүйнөгө атагы чыккан АКШ жазуучусу Харпер Ли 89 жашта көз жумду. Анын 1960-жылы жазылган бул чыгармасы 40 миллион нуска менен дүйнөгө сатылган. Ли 1926-жылы Алабама штатында төрөлгөн.
Новелласында ал рассалык теңсиздикти чагылдырган. “Тотукушту өлтүрүү” АКШдагы ак жана кара расадагы адамдардын ортосундагы мамилени көрсөткөн мыкты новелла катары дүйнөнүн 60тан ашык тилине которулган. (BCh)