Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:18

Түркияда Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленүүдө


Жусуп Баласагындын Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин алдындагы айкели.

Түрк дүйнөсүнүн ойчулу Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгынын расмий ачылышы Стамбул шаарында 19 - февралда өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов кабарлады. Салтанаттуу иш-чарага вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева баштаган өкмөт өкүлдөрү, Түркия бийлигин мүчөлөрү жана эки өлкөнүн маданият тармагындагылар катышты.

Өкмөт жакында 2016-жылы өткөрүлө турган жалпы улуттук деңгээлдеги мааракелердин тизмесин бекиткен. Ага ылайык, быйыл Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы жана кеменгер ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы эл аралык маанидеги иш-чаралардын катарына кирген. (SA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG