Журналист, окумуштуу жана саясатчы Андрей Пионтковский Орусиядан чыгып кетти. Бул тууралуу ал “Твиттердеги” жеке баракчасында билдирип, ага козголушу мүмкүн болгон кылмыш иштерине байланыштуу мекенинен кетүүгө аргасыз болгонун маалымдады.
19-февралда прокуратура анын “Эхо Москвы” сайтына жазган “Жарылуу алдындагы бомба” аттуу макаласында экстремизм белгилери табылганын, ал иликтенип жатканын кабарлаган.
Журналист ал макаласында Орусиянын курамындагы Чеченстандын келечеги тууралуу баяндаган.
Андрей Пионтковский — физика-математика илимдеринин кандидаты. Бир катар саясий макалалардын автору жана орус оппозициясынын Координациялык кеңешинин муруңку мүчөсү болуп саналат. Ал 2010-жылы оппозициянын “Путин кетиши керек!” аттуу кайрылуусуна кол койгон. (SE)