Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Зилалиев: Жерүйдү иштетүүгө даярдык жазда башталат


Жерүй

Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев 19-февралда Таластагы тегерек үстөлдө билдирди. Анын айтымында, кенди иштетүү боюнча алгачкы жумуштар мартта башталат.

"Учурда Кыргызстанда кен иштетүүгө 1900 лицензия берилген болсо, анын 58и Талас облусунда. Андан жылына 13 миллион 700 миң сом мамлекеттик казынага түшөт. Бирок мындай көрсөткүч облус үчүн өтө аз",- дейт Зилалиев.

Таластагы Жерүй кенин иштетүүгө лицензияны “Алтын Альянс” ишканасы утуп алган. Зилалиевдин белгилешинче, лицензия үчүн төлөнгөн каражаттан 170 миллион сом Талас облусуна, 170 миллион сому Талас районуна, 170 миллион сому кенге жакын Бекмолдо айыл өкмөтүнө бөлүнгөн. Бирок жергиликтүү эл арасында ага каршылык күч.

Таластагы Жерүйдөн тышкары Шыралжын, Андаш, Талды-Булак кендери чалгындоо стадиясында турат. (SS)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG