Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Британия: Еврошаркетте калуу же чыгуу маселеси 23-июнда аныкталат


Лондон
Лондон

Улуу Британиянын Еврошаркетте калуу же чыгуу маселесин чечкен жалпы улуттук референдум быйыл 23-июнда өтөт. Премьер-министр Дэвид Кэмерон ишемби күнү өкмөт өкүлдөрүн чогултуп, Европа Биримдигиндеги мүчөлүктүн жаңы шарттары боюнча Брюсселде өткөн саммиттин жыйынтыгын талкуулады. Анын артынан референдумдун датасын жарыялады.

Андан мурдараак Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск Евробиримдиктин 28 өлкөсүнүн лидерлери чогулган Брюсселдеги эки күндүк саммитте Лондондун шаркетте калуусу боюнча макулдашууга жетишилгенин айткан.

Британдардын көбү Еврошаркетке агылган качкындардын Британияга жабылып өтө башташынан чочулап, биримдиктен бөлүнүүнү көздөшөт. (SE)

XS
SM
MD
LG