Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Разаков тажик жарандарына паспорт берүү демилгесин төгүндөдү


Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймактагы жоокер.
Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймактагы жоокер.

Кыргыз бийлиги тажик жарандарына жеңилдетилген шартта паспорт алуу сунушун киргизгени тууралуу кабарды өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков төгүндөдү. 20-февралда айрым тажик сайттары Кыргызстан менен чектеш аймактардагы тургундарга кыргыз бийлигинен жеңилдетилген жол менен жарандык алуу сунушу түшкөнүн жазып чыгышкан. Ошондой эле айрым тажикстандыктар Кыргызстандын жарандыгын алгандан кийин ал жактан жер алып иштетүүгө жол ачылганын билдиришкен.

Баткен облусунун башчысы бул маалыматтын чындыкка төп келбестигин айтууда:

- Эгер жогорку бийлик тараптан бул жаатта кандайдыр бир демилге же сунуш болсо, мен билишим керек эле. Бул туура эмес маалымат.

Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасы 970 чакырымга созулат. Анын 519 чакырымы такталган. Чекит коюлбаган чек ара маселесинен улам эки өлкөнүн чектеш аймактарынын тургундарынын ортосунда тез-тез жаңжал болуп турат. (SE)

XS
SM
MD
LG