АКШнын Мичиган штатында ишембиде түндө болгон атышуу алты адамдын өмүрүн кыйды. NBS News каналы жергиликтүү шерифтин маалыматына таянып, окуя Каламазу аймагында болгонун кабарлады.
Каламазу полициясынын жардамчысы Пол Матияс: “Абдан кандуу окуяга күбө болдук. Белгисиз киши машинесин айдап келип, ок чыгара баштады”, - деп билдирген.
Кылмышкер жол тандабас унаа айдаган эркек киши экенин айтылууда. Жергиликтүү булактар кабарлагандай, ал ресторанда олтургандарга жана унаа дүкөнүндө жүргөндөргө ок аткан. (BCh)