Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Азия чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алды


Бангкокто күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова жеңүүчү болду.
Бангкокто күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова жеңүүчү болду.

Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова жеңүүчү болду. Бүткүл дүйнөлүк күрөш бирлиги (UWW) уюмунун расмий сайты билдиргендей, Тыныбекова 20-февралда кыз-келиндер күрөшүнөн 58 килограммга чейинки салмакта күч сынашып Корея, Индия жана Монголиянын өкүлдөрүн жеңип, финалга чыккан. Алтын байге үчүн күрөштө казакстандык Айым Абдилина менен күрөштү. Беттештин биринчи бөлүгүндө Абдилина 1:0 эсебинде алдыга чыккан. Экинчи бөлүктө Айсулуу Тыныбекова эсепти өз пайдасына 2:1 кылууга жетишип, чемпион аталды.

Бул күнү Азия чемпиондугунун эркин күрөш боюнча беттештеринде кыргызстандык Магомед Мусаев 97 килограммга чейинки салмакта финалга чыгып, ирандык Реза Мохаммад Али Язданиге жеңилип күмүш байге алды. Ошондой эле эркин күрөшчүлөр Саякбай Усупов (-74 кг) менен Улугбек Жолдошбеков (-57 кг) коло медалын тагынышты.

17-февралда башталган грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпиондугу бүгүн аяктайт. (ECh)

XS
SM
MD
LG