Кыргызстанда 22-февралда түнкүсүн дээрлик жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир райондордо бир аз жамгыр аралаш кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз +9...+14,
Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз +7...+12,
Баткен облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз +10...+15,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +10...+15,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз +2...+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -14...-19, күндүз 0...-5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -2...-7 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт.Түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус жылуу болушу күтүлүүдө.