Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Журналист айымдардын волейбол мелдешинде ОшТВ жеңди


Волейбол мелдешине катышкан ЭлТРдин журналист кыздары. Ош шаары. 21-февраль, 2016-жыл.
Волейбол мелдешине катышкан ЭлТРдин журналист кыздары. Ош шаары. 21-февраль, 2016-жыл.

Ош шаарында журналист айымдар арасында өткөн волейбол боюнча мелдеште ОшТВ телекомпаниясы биринчи орунду алды. Экинчи орунду ЭлТРдин, үчүнчү орунду “Ынтымак” телерадиоканалынын кызматкерлери ээлешти. “Ош Пирим” төртүнчү, “7-канал” бешинчи орунду алды.

Мелдешти бүгүн Ош мэриясы 23-февраль – Мекен коргоочуларынын күнүнө карата уюштурган. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Жеңген команда ноутбук менен сыйланды. Андан сырткары бардык командаларга кызыктыруучу сыйлыктар каралган.

Мэрия 8-март – эл аралык аялдар күнүнө карата аймактагы телеканалдарда иштеген мырзалар арасында футбол өткөрүүнү да пландаган. (SE)

XS
SM
MD
LG