Киев шаарындагы Майдан аянтында бүгүн митингчилер менен полиция кызматкерлери кагылышты. Жергиликтүү булактардын маалымдашынча, сахна орнотулуучу жабдууларды салган жүк ташуучу унаа аянтка келер замат четтеги тосмодон ашып түшкөн жүз чамалуу адам аны көздөй жулунган. Алар жолун торогон күч кызматкерлери менен мушташып кетишкен. Кагылышуу он мүнөттөй уланган. Олуттуу жараат алгандар жок. Сахна жабдууларын ташыган унаа кеткенден соң абал турукташкан.
Ушул күндөрү Майданда 2014-жылкы кагылышууда каза болгон 100дөн ашуун адамды эскерүү акциясын өткөрүү пландалган. Анын алдында, 20-февралда ал жерге камуфляж кийген 50 чакты киши 6 чатыр орноткон. Алар бүгүн кечке жуук украин өкмөтүнө бир катар талаптарды койгон акция өткөрүшөрүн билдиришкен.