Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

АКШда праймеризде Клинтон жана Трамп жеңишке жетишти


Президенттикке талапкер Хиллари Клинтон.
Президенттикке талапкер Хиллари Клинтон.

Невада штатында демократиялык партиянын талапкерлери өткөргөн ич ара таймашта Хиллари Клинтон, ал эми республикачылар арасынан Түштүк Каролинада Доналд Трамп жеңди. Демократтардын экинчи талапкери Берни Сандерс жеңилгенин мойнуна алып, Клинтон айымды куттуктап, бирок чоң жеңиш ал тарапта болорун эскертти.

Невада штатындагы праймеризде Клинтон 52,5% добуш алса, Сандерс 47,5% алган. Түштүк Каролинада Трамп 32,5% добуш менен алдыга чыкты. Сенатор Марко Рубио экинчи, Тед Круз үчүнчү орунга чыкты. Ал эми Жеб Буш президенттик таймаштан чыкканын жарыялады. (AiT)

XS
SM
MD
LG