Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Ирактын Фаллуджа шаарында күрөш токтотулду


Ирактын коопсуздук күчтөрү.
Ирактын коопсуздук күчтөрү.

Ирактын бул шаарында жергиликтүү сунний уруулар менен "Ислам мамлекети" террордук тобунун ортосунда 19-февралда кармаш чыккан. Террорчу топтор жергиликтүү калктын ондогон тобун кармап кеткенден кийин, алар өлтүрүлөт деген чочулоолорго байланыштуу күрөш токтотулду.

Жергиликтүү булактар туткунга алынгандардын саны жүздөн ашуун экенин айтышууда. Ирак бийлигинин өкүлү Исса Сейирдин 21-февралдагы билдирүүсүнө караганда, Ирак өкмөттүк күчтөрү жардамга келип, шаар четине жайгашты. Фаллуджа жана Мосул шаары "Ислам мамлекети" террорчу тобу көзөмөлдөгөн ири шаарлардан. (AiT)

XS
SM
MD
LG