Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Диний окуу жайлар аттестациядан өткөрүлө баштайт


Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев жекшемби күнү билдирди. Анын айтуусунда, диний окуу жайларын аттестациялоону Муфтияттын комиссиясы өткөрөт:

-Медреселер жана жогорку окуу жайларынын баары өткөрүлөт. Жогорку окуу жайлары он чакты, медреселери 100дөн ашык экен. Алардын ичинен 70тейи иштейт. Анын ичинен документтерин караштырганда анча-мынчасы эле аттестацияга кире турган болуп жатат, деп маалымдашты.

Муфтияттын аттестациялоо комиссиясына Коргоо кеңешинен жана Дин иштери боюнча мамлекетттик комиссиянын кызматкерлери да киргизилген. Кыргызстанда медреселерде жаш өспүрүмдөргө кандай билим берилип жатканы суроо жаратып келатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG