Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Германия, Франция министрлери Киевди реформаларды улантууга чакырышты


Украина, Донецк, 16-февраль, 2016-жыл.
Украина, Донецк, 16-февраль, 2016-жыл.

Германия жана Франциянын тышкы иштер министрлери Украинадагы реформаларды кубаттоо менен катар Киевди коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырышты. Франк-Валтер Штайнмайер менен Жан-Марк Эро бүгүн Frankfurter Allgemeine Zeitung гезитинде жарык көргөн макалада реформалар абдан маанилүү болгондуктан аларга “өлкөдөгү бардык саясий жана экономикалык күчтөр” катышууга тийиш деп белгилешти.

Министрлер дүйшөмбүдө Киевге эки күндүк сапарын башташууда. Алар украин расмий өкүлдөрү менен Донбасстагы ок атышууну токтотуу маселесин талкуулашмакчы. Штайнмайер жана Эро Украина жетекчилиги “Майдандын духун сактоого” тийиш деп баса белгилешти жана бир жыл мурун кол коюлган Минск келишимин аткаруунун маанисине токтолушту.

XS
SM
MD
LG