Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:09

Сауд Арабияда шийилердин үстүнөн сот башталды


Сауд Арабияда Ирандын пайдасына тыңчылык үчүн айыпталган 32 кишинин үстүнөн сот башталды. Анда Ооганстан, Иран жарандары менен катар жергиликтүү шийи азчылыгынын 30 өкүлү соттолууда. Алар 2013-жылы бир нече рейд учурунда кармалган.

Шийилер ошондо тынчсыздануусун билдирип камалгандардын арасында саясатка аралашпаган жамааттын белгилүү адамдары бар экенин белгилешкен. Соттолуп жаткандар Ирандын чалгындоо кызматынын өкүлдөрү менен байланыш түзүп, купуя аскердик маалымат өткөрүп турушкан, Саудиянын экономикалык кызыкчылыктарына тоскооолдук түзүүнү, масхаб аралык касташууну козутууну көздөшкөн, деп айыпталууда.

Сот процесси жергиликтүү суни жана шийи жамааттар, ошондой эле Тегеран менен мамилелердин андан ары курчушуна алып келиши мүмкүн. Январда падышалыкта ирандык шийилердин таанымал динаятчысы соттун өкүмү менен өлтүрүлгөндөн кийин нааразы топ Саудиянын Тегерандагы элчилигине чабуул коюп, Эр Рияд Иран ислам жумурияты менен дипломатиялык алакаларды үзүп койгон.

XS
SM
MD
LG