Өткөн жума соңунда Жогорку сотто кыргызстандык судьялардын онунчу курултайы болуп, Соттор кеңешинин жаңы курамы ачык добуш берүү жолу менен тандалды. Жаңы курамга Жогорку соттун судьясы Канатбек Турганбеков шайланды. Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун төрайымы Гулжан Есеналиева анын орунбасары болду.
Соттор кеңешинин жаңы курамы:
1. Канатбек Турганбеков, Соттор кеңешинин төрагасы, Жогорку соттун судьясы
2. Гүлжан Есеналиева, Соттор кеңешинин төрагасынын орунбасары, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун төрайымы,
3.Жамалкан Исакова, Жогорку соттун судьясы,
4. Кыдык Жунушпаев, Чүй облустук сотунун төрагасы,
5. Сооронбай Карабаев, Баткен облустук сотунун төрагасы,
6. Абылай Мухамеджанов, Жогорку соттун судьясы,
7. Чолпон Осмонова, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы,
8. Ирина Воронцова, Бишкек шаардык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу,
9. Абдрасул Шамшиев, Ош облустук сотунун төрагасы,
10. Жолборс Кудаяров, Ош шаардык сотунун судьясы,
11. Шаршенбек Камбаров, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы,
12. Токтосун уулу Каныбек, Талас облустук сотунун судьясы,
13. Алдаярбек Абдыбеков, Нарын облустук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу,
14. Таалайбек Даркинбаев, Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун төрагасы,
15. Нурланбек Ашымбеков, Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун төрагасы.
Кыргызстанда Соттор кеңеши беш жылда бир шайланат. (SE)