Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Президент күч түзүмдөрүн чыңдоо боюнча жыйын курду


Президент Алмазбек Атамбаев Мекен коргоочуларынын күнүнө карата бүгүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чогултуп, тармактагы реформалар, армияны заманга ылайыктоо жана аскер түзүлүштөрүн чыңдоо маселесин талкуулады. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын катышуучулары өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугун бекемдөө жаатында аткарып жаткан иштери тууралуу отчет беришти.

Атамбаев күч тармагындагыларды жана алардын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан коргоо, турак-жай менен камсыздоо жагын жандантууну белгиледи.

23-февраль – Кыргызстанда Мекен коргоочуларынын күнү болуп саналат. (SE)

XS
SM
MD
LG