Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:17

Кэмерон Евробиримдик менен келишимди парламентке сунуш кылат


Дэвид Кэмерон.
Дэвид Кэмерон.

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон бүгүн парламентке Европа биримдиги менен жетишилген реформалар боюнча макулдашууну сунуш кылмакчы. Өлкөнүн биримдикте калышын жактаган премьер депутаттардын колдоосун табууга үмүттөнөт. Британия менен шаркет ортосундагы мамилелерди кайра карап чыккан келишим 19-февралда Брюсселде татаал сүйлөшүүлөрдөн кийин бүткөрүлгөн. Лондон шаарынын мэри, Кэмерондун өнөктөшү Борис Жонсондун Британиянын чыгып кетүү өнөктүгүн колдорун жарыялашы өкмөт башчыга чоң сокку болду. Буга чейин кабинеттин 6 министри да Евробиримдикте калууга каршы добуш беришерин айтышкан.

Консервативдүү партиянын лидерлеригине олуттуу талапкер катары каралып келген Жонсон Кэмерон жетишкен келишим Британиянын Еврошаркет менен мамилелерин түп тамырынан өзгөртпөйт деп билдирди.

Өкмөт башчы өлкө биримдиктен чыкса, кубатын жоготорун эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG