Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:21

Казакстан журналисттер биримдигинин төрагасы кармалды


Казакстанда журналисттер биримдигинин төрагасы, Улуттук пресс-клубдун жетекчиси Сейтказы Матаев жана анын уулу, КазТАГ кабар агенттигинин директору Асет Матаев кармалды. «Адил сөз» медиа уюмунун маалыматы боюнча ата-бала мамлекеттик каражатты максатсыз коротуу, кымырып алуу жана Алматыдагы Улуттук пресс-клубду мыйзамсыз кайра курган деп айыпталууда. Уюмдун билдирүүсүндө Матаевдерди куугунтуктоонун артында «саясий диалогдун жана талкуулардын аянтчасына айланган Улуттук пресс-клубдун ишин токтотуу, КазТаг жарыялаган маалыматтардын мазмунун көзөмөлдөө, журналисттер биримдигинин коомдук активдүүлүгүн басаңдатуу» максаты турат, экөө тең айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин далилдөөгө даяр деп айтылат.

XS
SM
MD
LG